“Кристофер Робин” тууралуу фильмдин трейлери чыкты

“Кристофер Робин” тууралуу фильмдин трейлери чыкты
12-Июль 2018, Бейшемби, 14:06

Биз кичинекей чакта сүйүп көргөн Винни-Пух мультфильминин тасмасы тартылды. Жазуучу Алан Милндин китебинин негизинде тартылган фильм жакынкы аралыкта чыкмакчы.

“Disney” студиясы режиссер Марк Фостердин “Критофер Робин” тууралуу тартылган жаңы трейлерди жарыя кылды. Ролик киностудиянын “YouTube” каналына жүктөлгөн.


Фильмде Юэн Мак Грегор чоңоюп калган Кристофера Робиндин ролун аткарган.

Сюжет боюнча ал кичинекей чагындагы досторуна барып ал убакта кандай сонун болгонун эстейт. Ал кайрадан Винни-Пухка, Пятачокко, Тигруляга жана Иа-Иага жолугат. Алардын баардыгы баягы баланын кичинекей чагы өткөн үйдө жашашат.

Фильмдин премьерасы 2018-жылдын август айларында болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!