«Хищник» тасмасынын жаңы бөлүмү жарык көрдү

«Хищник» тасмасынын жаңы бөлүмү жарык көрдү
15-Сен. 2018, Ишемби, 12:46

«Хищник» (The Predator) – белгилүү киноциклдин жаңы бөлүмү сунушталды. Режиссеру жана сценарийди жазган үчүнчү «Железный человекти» тарткан Шэйн Блюк.

Сюжет боюнча деңиз аскеринде кызмат өтөгөн башкы каарман Жерге келген башка планетанын өкүлдөрүн табат. Бирок ага эч ким ишенбейт. Анын аутист баласы Жырткычтар менен күрөшүү жолунда башкы адамга айланат. Анткени бала тил үйрөнүүдө алдына эч кимди салбаган акылдуу, ошондуктан кылмышкерлерди түшүнүүгө жардам берүүгө тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!