Фильмде режиссер чыныгы өлүмдү көрсөттү

Фильмде режиссер чыныгы өлүмдү көрсөттү
17-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 16:41

Британдык режиссер Стив Иствуд фильм тартты, анда ал адамдын чындап көз жумганын көрсөттү. Тасма хоспис пациенттеринин өмүрүнүн акыркы күндөрүнө арналган. Бул тууралуу “Daily Mail” маалымат булагы маалымдайт.

Көз жумган актер, пенсионер Алан Харди режиссердон анын кайтыш болгон маалын тартып алууну суранган. Натыйжасында, Иствуд табигый биологиялык процесс катары өлүмдү көрсөтө алды.

Режиссер эч ким өлгүсү келбейт, бирок баардык адамдар табияттын мыйзамы менен «программалашканын» белгилеп өттү.

Фильмдин автору Харди, кийинки өмүрүндө аялы менен кезигип, бий менен алектенери тууралуу пландары менен бөлүштү.

Иствуд тартуу иштери бүткөндөн кийин өлүмдү кандайдыр бир сырдуу дүйнө катары көрсөтүүнүн кереги жок деген бүтүмгө келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!