Мистер Бинден жаңы комедия

Мистер Бинден жаңы комедия
25-Сен. 2018, Шейшемби, 16:40

«Агент Джонни Инглиш 3.0» – шпиондук фильмдерге пародия катары тартылган британиянын комедиясы. Анда көпчүлүккө Мистер Бин образы менен белгилүү болгон Роуэн Аткинсон башкы ролду ойнойт. Эскерте кетсек, буга чейин эки бөлүмү жарык көргөн.

Сюжет боюнча ханыша айымдын купуя кызматынын баардыгы катардан чыгып калганда, жардамга Джонни Инглиш кирет. Ал өзүнүн өзгөчө ыкмалары менен кызматка кирип, акылга сыйбаган жоруктары менен турдүү кырдаалдан чыгып кетет.

Фильмдин режиссеру: Девид Керр. Ролдорду Роуэн Аткинсондон сырткары Ольга Куриленко, Бен Миллер, Джейк Лэси жана башкалар аткарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!