Кыргызстандын “Айка” аттуу тасмасы баш байгени алды

Кыргызстандын “Айка” аттуу тасмасы баш байгени алды
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 10:56

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын жашоосу чагылдырылган “Айка” тасмасы Германияда өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды. Бул маалыматты казак басылмалары жазып чыкты.

Кинону койгон режиссер Сергей Дворцевойдун айтымында негизи кинонун фестивалдарда баш байге албай эле катышканы бул өзүнчө чоң жетишкендик. Ал эми байгеге ээ болсо анда көрөрмандар эмгегиңди баалап жатат деп билсе болот дейт.

Бул тасма Канн кинофестивалына да катышып, “Алтын бутак” сыйлыгы үчүн ат салышкан. Анда башкы каарман Айканын ролун казак актрисасы Самал Еслямова жаратып, "Мыкты актриса" наамын алган эле.

Негизи тасма чет жерде жүргөн кыргыз мигранттарынын ачуу-таттуу жашоосу тууралуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!