“Marvel”дин комикс жаратуучусу Стэн Ли көз жумду

“Marvel”дин комикс жаратуучусу Стэн Ли көз жумду
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 12:37

“Лос-Анджелесте комикстердин автору, жазуучу жана “Marvel” компаниянын экс-президенти Стэн Ли кайтыш болду. Ал 96 жашта эле”,- деп кабарлайт “Daily Mail” маалымат булагы.

Белгилүү болгондой, Стэн Линин үй-бүлөсү тез жардам чакырышкан. Бирок ал ооруканага алып келингенден кийин дароо көз жумган.

Февраль айында Марвелдин мурунку президентин “Cedars- Sinai” ооруканасына жүрөк жана дем алуу маселелери боюнча жаткырылган. Кийинчерээк дарыгерлер анын абалы жакшырганын кабарлашкан.

Стэн Ли – “Marvel”дин атактуу каармандарын ойлоп тапкан адам. Алардын ичинде “Человека-паук”, “Халк”, “Люди Икс”, “Железный человек”, “Тор”, “Мстители” жана “Фантастическая четверка” бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!