"Рим" картинасы "Оскарга" үмүткер

15-Ноя. 2018, Бейшемби, 11:40

Альфонсо Куарондун "Рим" деп аталган драмасы быйылкы Венеция кинофестивалында мыкты таанылып "Алтын арыстанды" алган эле. Эми "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты чет элдик фильм" номинациясына үмүткер.

Режиссер үчүн бул экинчи жолу сыйлыкка илинүүдө, анткени, мурун "Гравитация" фильм үчүн "Оскар" илинген.

Жаңы чыгармасына токтоло турган болсок, "Рим" — Мексикадагы орточо деңгээлдеги адамдар турган аймактын аталышы. Фильм 1970-жылдарды баяндайт.

"Окуянын 90 пайызы өзүмдүн жеке эсте калган окуяларым боюнча жазылган. Фильмде Мексиканын калыпташуу мезгили баяндалат",- дейт Куарон.

"Римдин" премьерасы быйылкы Венеция кинофестивалында өтөт. Чоң экрандарга жылдын аягында чышат деп пландалып жатат.

Картина “Netflix” платформасына жүктөлөт. Аны 14-декабрдан баштап интернет аркылуу көрүүгө мүмкүн болмокчу

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!