Покемондор тууралуу фильм чыкты

Покемондор тууралуу фильм чыкты
16-Ноя. 2018, Жума, 13:39

Социалдык тармакта “Покемондор” тууралуу фильмдин трейлери жарыяланды. Тасмада башкы каарман детектив Пикачунун ролун актер Райан Рейнольдс аткарган. 3D-графика жана технологиянын жардамы менен ал Пикачуга айланган.

Рейнольдс менен бирге 22 жаштагы актер Джастис Смит жана 20 жаштагы Кэтрин Ньютон дагы ойнойт.


Сюжети боюнча, Смиттин атасын уурдап кетишет. Ал детектив Пикачу менен бирге аны издөө жумуштарын башташат. Ошону менен бирге Ньютондун каарманы журналист – алардын издөө иштерине жардам берет.

Картинaнын режиссеру Роб Леттерман, өзүнүн “Подводная братва” жана “Монстры против пришельцев” фильмдери боюнча белгилүү.

Тасма чоң экрандарга 2019-жылдын май айында чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!