Актер Николай Годовиковдун сөөгү табылды

24-Ноя. 2017, Жума, 12:53

Санкт-Петербургда 67 жаш курагында актер Николай Годовиков дүйнө салды. Актерду атактуу кылган "Белое солнце пустыни" фильминде Петруханын ролу болгон. Актердун сөөгү акыркы жылдары жашап жаткан батиринде табылган.

Өлүмдүн себеби аныктала элек, бирок Николай Годовиков бир нече оорулар менен ооруп анын ичинде онкологиялык дартка чалдыканы да белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Николай Годовиков 1950-жылы Ленинградда төрөлгөн. Анын алгачкы дебюттук ролу 1966-жылы чыккан "Республика ШКИД" кино тасмасы болуп саналат. Бул тасмада бир учурда бир нече каармандын ролун аткарган. Бирок бүткүл союздук атак-даңк ага "Белое солнце пустыни" фильминдеги Петруханын ролу менен келген. Бул фильмден кийин актерго башка ролдордо ийгилик алып келген эмес жана үч жолу соттолгон.

2000-жылдары кайрадан сахнага кайтып келип, бир нече сериалдарда аткарган: "Тайны следствия", "Русский спецназ", "Бандитский Петербург 5: Опер" жана башка. Николай Годовиков бир нече жолу үйлөнгөн жана өзүнүн артында бир кыз бир баласы калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!