Кира Найтли гитара менен ырдады

25-Ноя. 2017, Ишемби, 11:48

Чыныгы француз аялдары сыяктуу голливуд жылдызы Кира Найтли “Chanel” мода үйүнүн видеоролигинде гитарынын коштоосунда ырдады.

Белгилүү актриса Кейна Найтли ырды «Coco Crush» зергер буюмдарына арналган жаңы чакан фильмде аткарган.

Кира Найтли – Шанелдин мода үйүнүн досу жана 10 жылдан ашык анын өкүлү болуп келет. Жаңы бейнеде актриса бренд логотипти гитарада ойноп, француз тилинде ыр ырдаган. Саундтрек иретинде таанылган «Le Tourbillon de la vie» ыры алгач 1962-жылы «Жюль и Джим» фильмине Жанна Моронун аткаруусунда жаңырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!