ХХІ кылымдын мыкты комедиялары

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:01

“Collider” сынчылары акыркы 17 жылда экранда пайда болгон мыкты комедиялардын тизмегин жарыялашты. 28-ноябрьда жарыяланган тизмеге 35 фильм кирди.

ХХІ кылымдын негизги комедияларынын арасында үч мультфильм да бар - «Лего.Фильм», "Америка": Всемирная полиция» жана «Облачно, возможны осадки в виде фрикаделек». Эдгар Райттын Саймон Пегг менен Ник Фросттун катышуусундагы «Зомби по имени Шон» жана «Типа крутые легавые», ошондой эле «Скотт Пилигрим против всех» фильмдерин сынчылар атап өтүштү. Тизмеге 2017-жылы чыккан «Тор: Рагнарек» аттуу фильми да кирген.

Тизмекте: «Победители шоу», «Жаркое американское лето», «Бабба Хо-Теп», «Школа рока», «Дрянные девчонки», «Телеведущий: Легенда о Роне Бургунди», «Поцелуй навылет» жана «Сорокалетний девственник».

Мындан сырткары, «Идиократия», «Взлеты и падения: История Дьюи Кокса», «SuperПерцы», «Сводные братья», «В пролете», «Информатор!», «СуперМакГрубер», «Убойные каникулы», «Девичник в Вегасе», «Мачо и ботан» и «Конец света 2013: Апокалипсис по-голливудски» кинолору орун алган.

Августа кино сынчылар Билли Уайлдердин 1959-жылы чыккан «В джазе только девушки” атту фильмин, баардык убакыттагы мыкты комедия деп аташты. Экинчи орунда - Стэнли Кубриктин «Доктор Стрейнджлав, или Как я научился не волноваться и полюбил атомную бомбу» фильми турат .

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!