Сегиз сыйлык алган «Фокстрот» фильми

1-Дек. 2017, Жума, 11:48

Өз мекениндеги сынга карабастан, израилдик режиссер Самуэль Маозанын «Фокстрот» фильми буга чейин венециялык "Күмүш арстан" (Серебряному лев) жана “Офирдин" сегиз сыйлыгына татыган. Буга кошумча АКШнын сынчыларынын купулуна толуп “Чет тилдеги мыкты фильм” деп таанылды.

Айта кетсек, бул кеңеш Америка киноиндустриясынын эң таасирдүү ассоциацияларынын бири болуп саналат. Ошондой эле анын сыйлыгынын лауреаттары адата «Оскарда» жеңип чыгышат. Өткөн жылы 9 шайкештиктин ичинен 7 лауреат жеңишке жетти. Ушуга байланыштуу “Фокстрот” Израилдин башкы кино сыйлыгына ээ болуп калуу алдында турат.

Ошону менен катар, жеңүүчүлөрдүн катарында режиссер Пэтти Женкинс менен израилдик Галь Гадот «Spotlight» ("В центре внимания") сыйлыгын жеңип алышты.

Мындан сырткары, Стивен Спилбергтин «Сырдуу досье» ("Секретное досье") тасмасы мыкты фильм деп таанылды. Ал эми башкы ролдор Том Хэнкс менен Мэрил Стрип мыкты актер, актриса наамына ээ болушту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!