«Коконун сыры» лидерликти сактап калды

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:10

«Pixar» студиясынын «Коконун сыры» деп аталган мультфильми америкалык прокатта экинчи жумада да 26,1 миллион доллар жыйнап жана муну менен лидерликти сактап кала алды. Тагыраак айтканда, «Акыйкаттык Лигасы» комикс экранизациясына караганда 10 миллион долларга ашык каражат топтоду.

Кытайда 10 күндүн ичинде 75 миллиондон ашык сумма жыйнаган мультфильмдин таасирдүү натыйжасын айта кетүү керек. Бул “Pixar” студиясынын бардык долбоорлорунун ичиндеги эң мыктысы болду. Дүйнөлүк касса боюнча «Коконун сыры» учурда 280 миллион доллар каражат тапты.

Австралия, Япония, Корея, Британия, Италия, Бразилия жана башка өлкөлөрдө бул мульфильм көрсөтүлө элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!