Тарантинонун тогузунчу тасмасы

5-Дек. 2017, Шейшемби, 12:07

“Sony” студиясы 2019-жылдын 9-август күнү Квентин Тарантинонун тогузунчу тасмасын чыгарууну пландоодо. Кинематографист бул күндү атайы тандадыбы белгисиз, себеби бул күн актриса Шэрон Тейтин жана Чарльз Мэнсон өлгөнүнө 50 жыл толгону менен дал келет.

Тогузунчу фильм 1969-жылдагы окуя менен байланышат. Тасманын башкы каарманы - бир ийгиликтүү сериядан кийин кинобизнеске аралашуу үчүн болгон мүмкүндүгүн издеген теле актер. Ага кошо анын дублеру жана жардамчысы да алектенет. Тарых бир катар окуялардын айланасында болуп, анын ичинде Чарльз Мэнсон да катышат.

Тарантино азырынча башкы ролго актер издөө менен алек. Кинорежиссер Марго Роббини Шэрон Тейтин ролун аткаруусун караштырышууда. Ошондой эле, Тарантино Брэд Питт, Сэмюэл Л. Джексон, Том Круз жана Леонардо Ди Каприо менен кездешкен.

Тарантинонун тогузунчу тасмасы Харви Вайнштейнсиз чыгарылган алгачкы жобосу болуп калат.

Тартуу иштери Лос-Анджелесте 2018-жылдын июнь айында башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!