“Кек алуучулардын” трейлери рекорд койду

6-Дек. 2017, Шаршемби, 10:28

"Кек алуучулар: Түбөлүк майдан" (“Мстители: Война бесконечности») фильминин биринчи трейлерин көрүүчүлөрдүн саны боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу “Entertainment Weekly” маалымдады

Трейлер бир нече саат ичинде 470 миң көрөрман жыйнаса, бир күн ичинде анын саны 250 миллионго жетти. Видео “Marvel Entertainment” каналында жарыяланды. Ошону менен бирге фильмдин орус тилиндеги трейлерин да көрсөңүз болот. Фильмде башкы ролдордо Скарлетт Йоханссон, Роберт Дауни, Том Хиддлстон, Крис Эванс, Бенедикт Камбербэтч, Джош Бролин және Марк Руффало ойнойт.

Фильм 2018-жылдын май айында чыгат деп күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, алдыңкы рекорд Стивен Кингтин китеби боюнча түшүрүлгөн «Оно» фильмине тиешелүү. Ал эми бир күндүн ичинде 197 миллион көрүүчү жыйнаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!