Спилберг жаңы тасманын трейлерин сунуштады

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:57

"Первому игроку приготовиться" фантастикалык тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болуп өттү. Фильмдин режиссеру Стивен Спилберг.

Картина жазуучу Эрнест Клайнанын чыгармасына негизделген. Окуя келечектеги дүйнөлүк каатчылык учурун баяндайт. Адамзаттын көпчүлүк бөлүгү ОАЗИС деп аталган виртуалдык утопиядан сактанууга тырышат, аны жеңип чыккан адам идеалдуу жашоого мүмкүндүк алат.

Башкы каарман - Уэйд Уоттс аттуу жаш жигит. Ал виртуалдык квестке катышууга чечим кабыл алат. Аны жеңип чыккан OAЗИСти негиздеген адамдан калган миллиардаган долларга ээ болот жана виртуалдуу дүйнөгө толук көзөмөл жүргүзө лат. Уоттско болгону баардык виртуалдуу гана эмес, чыныгы жашоодогу башкы сыйлыкты алуу үчүн баарына даяр турган атаандаштары менен бетме-бет келиши керек.

Тасмада Саймон Пегг, Бен Мендельсон, Ханна Джон-Кэймен, Оливия Кук, ТиДжей Миллер, Марк Райлэнс, Тай Шеридан, Лоуренс Спэллман, Летишиа Райт, Симона Кирби жана башка актерлор аткарышкан.

Белгилей кетсек, бул Спилбергдин “Warner Bros” студиясы менен биргеликте иш алып барган биринчи проетиси. Аталган фильмди 2018-жылдын 30-мартында чоң экрандардан көрө аласыздар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!