“Google” популярдуу фильмдерди атады

15-Дек. 2017, Жума, 12:20

Рейтингдин лидери болуп Стивен Кингдин коркунучтуу "Оно" тасмасы аталды.

“Google” 2017-жылы эң белгилүү болгон фильмдер менен сериалдар рейтингин чыгарды. Толук метраждуу фильмдер арасында Стивен Кингдин романына негизделген «Оно» коркунуч тасмасы ээ болду.

Экинчи орунда "Чудо-женщина" фильми алса, ал эми үчүнчү катарга "Красавица и чудовище" мюзикли чыккан. Тизменин кийинки орундарында Росомаха тууралуу "Логан" жана “DC Comics” баатырлары жөнүндө тартылган "Лига справедливости" турат.

Теле шоулорго келсек, бул жакта биринчи орунду "Очень странным делам" ээ болду.

Андан кийинки орунда "13 причин почему" сериалы, бразилиялык "Большой брат" реалити-шоунун нускасы, ошондой эле "Игра престолов" жана "Железный кулак" ээлеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!