“Дьявол носит Prada" романынын уландысы чыгат

21-Дек. 2017, Бейшемби, 14:37

Көп узабай моданын катаал дүйнөсү тууралуу белгилүү романдардын бири "Дьявол носит Prada" уландысы чыгат. Жазуучу Лорен Вайсбергер сенсациялуу китептин экинчи бөлүгүн чыгарат. Бул жолу окуя «Runway» журналынын баш редактору Миранда Присли (анын образы “ Vogue”нин башкы редактору Анна Винтурдан алынган) тууралуу эмес, анын биринчи жардамчысы Эмили Чарлтондун, тасмада Эмили Блант аткарган каармандын тегерегинде болмокчу.

Жаңы китепте Миранданын жардамчысынын тагдыры кандай болгону тууралуу баяндалат. Эмили мурункудай эле фэшн-индустриядагы ишин улантып келет, бирок ал атактуу жылдыздардын имидж-консультанты болуп иштейт.

Ал эми китептин экинчи бөлүгүнүн тасмасы тууралуу маалымат жок. Эскерте кетсек, фильмде Эмили Бланттан сырткары Мерил Стрипп жана Энн Хэтэуэй да аткарышкан.

Белгилүү болгондой Лорен Вайсбергердин жаңы романы кийинки жылы 5-июнда жарык көрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!