​Кызыктуу түрк сериалдары

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 14:08

Кээ бир күндөрү эс алып кызыктуу бир фильмдерди көргүңуз келген убактар болот. Мындай учурларда кызыктуу сериалдарды көрүүдө эч кандай күнөө жоктур, анткени биз аларды жакшы көрөбүз. Бирок жөн гана сериал эмес, ошону менен бирге чыныгы сүйүү, бийлик, кумар жана чыккынчылыкка толгон реалдуу окуя болуш керек. Чынында арзырлык бир нерсе табуу оңой эмес, ошондуктан түрк сериалдарына көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз.

Алар эң кызыктуу деп атоого болгон баардык нерсеге ээ. Жана сиздерге жеңилдетүү максатында бир нече кызыктуу делген сериалдарды сунуштамакчыбыз. Сюжеттери ошончолук жакшы, сиз өзүңүз аркылуу баардык кубаныч менен кайгыны өткөрөсүз. Ошол эле маалда актерлор өз ролдорун жакшы аткарышат, сиз аларга 100 пайызга ишенесиз.

1. “Фатмагүлдүн күнөөсү эмне?” (“В чём вина Фатмагюль?”)

Фатмагүл атуу кыз агасы жана жеңеси менен бирге чакан айылда жашайт. Ал алар иштеген сүт фермасында иштеп, кой багып, кичинекей агасынын баласын карап жардам берип келет. Эң башкысы ал көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити Мустафага турмушка чыгып, бирге болгусу келет. Бирок, тагдыр, анын кадимки тынч жашоосуна чекит коёт. Каргашалуу окуя анын жолун өзгөртөт. Фатмагүлдүн күнөөсү эмне?

2. “Кара роза” (“Черная Роза”)

Мурат менен Эрбанын жашоосунда калп айтуу менен ишенимсиздик пайда болот. Ал көбүнчө иш сапарларына барат, ошондуктан аялы аны кызгана баштайт. Кийин башкы каармандын күйөөсү кетип, кайра кайрылып келбейт. Үч бала менен калган аял күйөөсүнүн кайда кеткенин изилдей баштайт. Мындан ары эмне болгонун бул сериалды көрүп биле аласыздар!

2. “Жүрөктү жаралаган”(“Разбивающая сердца”)

Мурат атуу жаш академик Америкада узак убакыттан бери жашап жүрүп Түркияга кайтып келет. Сейилдеп жүргөндө ал цыган кызын бир көрүп сүйүп калат. Ошол маалдан баштап анын жашоосу түп тамыры менен өзгөрөт...

3. “Сүйүү ижарасы”(“Любовь напрокат”)

Омер аттуу сулуу жигит бизнес тармагында ийгиликтерге жетишкен. Аны үйлөндүрүү максатында туугандары кыздар менен тааныштырууну аракет кылышат. Бирок жигит бул идеяны таптакыр жактырбайт. Ал кокусунан Дефне атуу официант кыз менен таанышып калат. Жеңесинин көзүнчө Дефнени өөп салып, муну менен ал тааныштырганы жаткан кызга эч кандай көңүлү жок экенин билдирет. Ошол маалда акчага муктаж болуп жүргөн Дефнеге жеңеси акча сунуштап окуяга тартып алат. Мындан эмне келип чыгат, көрүп билиңиз.

5. “Тыюу салынган сүйүү” (“Запретная любовь”)

Жалгыздык, бактысыздык жана жаңы сүйүү ... Аданан кайгылуу жагдайларда өз аялынан ажырап калат. Анын балдары - ага жашаш үчүн күч берип келет. 11 жылдан кийин Бихтерге жолугуп чындап сүйүп калат. Андан улам анын тынч жашоосу аяктайт. Мындан ары андан да кызыктуу болот ...

6. “Боз торгой” (“Королек — птичка певчая”)

1922-жылы түрк жазуучусу «Боз торгой» деген махабат тууралуу роман жазган. Андан бери, ал окурмандардын жүрөктөрүнөн орун алып келет. Тарыхка тереңдеп кирип түрк колорити менен таанышкысы келгендер үчүн сериал да тартылды. 1986-жылы жана 2013- жылдары тартылган эки сериал тең бирдей мыкты!

Башкы каарман Фериде ата-энесинен эрте айрылып, тайэжесинин колунда чоңоёт. Андан аркы окуя кыз бой жетип сүйүүгө кабылары менен башталат. Бул сериалда сүйүү менен кайгы коштолгон кызыктуу окуя баяндалат.

7. “Даңазалуу доор” (“Великолепный век”)

Тарыхый окуяларды жактыргандар үчүн арналган драма. Бул сериалдын рейтинги эң жогорку көрсөткүчкө ээ. 1520-жылы Хюррем деген кызды түрктөр туткунга алышат. Ал күңдөн тартып Султан Сулеймандын аялы болгончо далай кыйын жолду басып өтүүгө мажбур болду. Сүйүктүү болгондон кийин ал өзүнүн амбицияларын ишке ашырууга жолтоо болгон баардык адамдарды жолдон алып отурат.

Кээде кечкисин ысык чай ичип, кызыктуу сериал көрүп эс алууга эмнеге болбойт? Сиз эс алууга ылайыктуусуз! Ушул коллекцияны өзүңүзгө сактап коюңуз бош убакыт болгон кезде көрүп калат чыгаарсыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!