"Патрик Мелроуз" сериалынын трейлери чыкты

10-Янв. 2018, Шаршемби, 10:11

Дүйнөлүк желелерде "Патрик Мелроуз" сериалынын алгачкы трейлери чыкты. Башкы ролдо белгилүү актер Бенедикт Камбербэтч аткарган.

Ошондой эле, актер фильмдин продюсери катары да таанылды. Сериал жазуучу Эдвард Сент-Обин чыгармасынын негизинде тартылган. Окуя 1960-жылдардагы Франция, 1980-жылдардагы Нью-Йорк менен 2000-жылдардагы Улуу Британияда орун алат.

Патрик Мелроуз — бала чагынан алган психологиялык таасирлеринен чоңойгон кезде да кыйындык көрүп жүргөн аристократ жаш жигит. Сериалдын режиссеру – Эдвард Бергер. Ал башкы каармандын ата-энесин ойноого Хьюго Уивинг менен Дженнифер Джейсон Лиди белгиленген. Сценарийди Сент-Обиндин чыгармасынын сюжети боюнча Дэвид Николс жазган. Мини-сериал быйыл “Showtime” каналы аркылуу көрөрмандарга сунушталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!