«Алтын глобус 2018» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү кимдер?

10-Янв. 2018, Шаршемби, 15:21

Лос-Анджелесте Голливуддун чет элдик бама сөз ассоциациясы (HFPA) даярдаган салттуу болуп калган «Алтын глобус» кино сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу “lenta.ru" кабарлады.

Салтанат «Беверли-Хилтон» конок үйүндө өттү.

Кино тармагынын жеңүүчүлөрү:

Мыкты драма: «Three Billboards Outside Ebbing, Missouri»

Мыкты комедия же болбосо мюзикл: «Lady Bird»

Мыкты актер (драма): Гари Олдман, «Darkest Hour»

Мыкты актриса (драма): Фрэнсис МакДорманд, «Three Billboards Outside Ebbing, Missouri»

Мыкты актер (комедия же мюзикл): Джеймс Франко, «The Disaster Artist»

Мыкты актриса (комедия же мюзикл): Сирша Ронан, «Леди Берд»

«Коконун сыры» эң мыкты мультипликациялык фильм деп таанылды.

Ошондой эле, эң мыкты анимациялык иштердин катарына «Босс-молокосос», «Фердинанд», «Добытчица» жана «Ван Гог. Махаббатпен Винсент» толук метраждуу анимациялык фильмдери кирген.

Чет тилиндеги мыкты фильм: «Aus dem Nichts», Германия, Франция

Экинчи пландагы мыкты актер: Сэм Рокуэлл, «Three Billboards Outside Ebbing, Missouri»

Экинчи пландагы мыкты актриса: Эллисон Дженни, «I, Tonya»

Мыкты режиссер: Гильермо Дель Торо, «The Shape of Water»

Мыкты сценарий: Мартин МакДона, «Three Billboards Outside Ebbing, Missouri»

Мыкты ыр: Александр Депла, «The Shape of Water» фильми

Мыкты музыка: «This Is Me», «The Greatest Showman» фильми

«The Handmaid's Tale»

Телевидение тармагындагы жеңүүчүлөр:

Мыкты драма сериалы: «The Handmaid's Tale»

Мыкты актер (драма): Стерлинг К. Браун, «This Is Us»

Мыкты актриса (драма): Элизабет Мосс, «The Handmaid's Tale»

Мыкты сериал (комедия же мюзикл): «The Marvelous Mrs. Maisel»

Мыкты актер (комедия же мюзикл): Азиз Ансари, «Master of None»

Мыкты актриса (комедия же мюзикл): Рэйчел Броснахэн, «The Marvelous Mrs. Maisel»

Мыкты мини-сериал же телефильм: «Big Little Lies»

Мини-сериалдын же болбосо телефильмдин мыкты актеру: Юэн МакГрегор, «Fargo»

Мини-сериалдын же болбосо телефильмдин мыкты актрисасы: Николь Кидман, «Big Little Lies»

Телефильмдеги же мини-сериалда экинчи пландагы мыкты актер: Александр Скарсгард, «Big Little Lies»

Телефильмдеги же мини-сериалда экинчи пландагы мыкты актриса: Лора Дерн, «Big Little Lies»

Сесил Блаунт Демилль атындагы ардактуу сыйлык Опра Уинфриге буюрду. Салтанаттуу кечти комик Сет Майерс алып барды.

Эскерте кетсек, «Алтын глобус» жыл сайын Голливудда аккредитациядан өткөн чет элдик журналисттер коому даярдаган, атак жагынан «Оскарга» тете сыйлык тапшыруу аземи. Ал мыкты кинематография менен телепрограммаларды камтыган 25 категория боюнча берилет. «Алтын глобус» сыйлоо аземи 1945-жылдан бери уюштурулуп келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!