Күйөрмандар чыдабай кино тартып жиберишти

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:14

Сыйкырчы бала Гарри Поттердин күйөрмандары “Волан-де-Морт: Истоки Наследника" тасмасын тартышкан.

Картинада келечекте негизги каармандардын бири Том Реддлдин бала чагы, өспүрүм курагы жана жаштык кези тууралуу баяндалат. Ушундайча күйөрмандар кантип Волан-де-Мортго айланганын көрсөтө алышкан. 52 мүнөттүк фильмди 2016-жылы “Kickstarter”да Джоан Роулинг чыгармачылыгынын күйөрмандары тарабынан жыйналган каражатка тартылган.

“Гарри Поттер” тууралуу фильмдер британиялык жазуучу Джоан Роулинг китептерини негизинде тартылган тасмалар. Франшиза фантастика жанрдагы чыгарма тогуз картинадан турат, алардын биринчиси - "Гарри Поттер жана ойчул таш" - 2001-жылы чыккан. Ал эми акыркысы - "Гарри Поттер жана өлүм жазасы. 2-бөлүк" - 2011-жыл.

Сага кино дүйнөсүндө абдан кирешелүү тасмалардын тизмесинде үчүнчү орунда турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!