Трамп боюнча сериал тартылат

19-Янв. 2018, Жума, 12:48

Майкл Вулфтун АКШнын президентинин Ак үйдөгү өмүрү тууралуу бестселлер китеби көптөгөн суроо-талапка ээ болуп, минтип сериал тартылганы турат.

“Журналист Майкл Вулфтун АКШ президенти Дональд Трамп тууралуу китеби телесериалдын негизи болуп калат”,-деп жазат “Hollywood Reporter”.

Белгилүү болгондой, чуулгандуу “Огонь и ярость” бестселлерин экранизациялоо укугу “Endeavor Content” компаниясы ээ болду жана келишимдин баасы миллиондогон доллар болору айтылууда.

Кээ бир маалыматтарга ылайык, сериалдын аткаруучу продюсери Вулф өзү болмокчу.

Буга чейин ММКда Вулфтун Трамптын Ак үйдөгү жашоосу тууралуу китебинин үзүндүлөрү жарыяланган.

9-январда сатыкка чыккан журналисттин чыгармасы АКШда бестселлер болууда. Китептин автору Ак үйдүн кызметкерлеринен алынган 200дөн ашык интервьюга негизделген деп билдирет.

Ал эми америкалык лидердин администрациясы бул “болбогон окуя” деп китептин мазмунун жокко чыгарды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!