​“Дарак ыры” тасмасынын трейлери жарык көрдү

6-Фев. 2018, Шейшемби, 15:36

Кыргыз киносунун тарыхында биринчи ирет кыргыз тилинде мюзикл жанрындагы “Дарак ыры” тарыхый тасмасы жарык көрдү.

Тасма эки жарым айдай тартылып, жалпысынан ролдорго 1200дөн ашык киши катышкан.

Тасмага Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Өмүрбек Израилов, Муктар Ауэзов атындагы казак мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти Салтанат Бакаева башкы ролду ойношкон.

Тасманы көрүүчүлөр 1-марттан тарта бардык кинотеатрлардан көрө алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!