​Лондондо “Саякбай” тасмасы көрсөтүлдү

16-Фев. 2018, Жума, 17:28

Улуу Британиянын борбору Лондондо 10-февралдан 17-февралга чейин режиссёр Эрнест Абдыжапаров тарткан “Саякбай” тасмасы көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тасма кинорежиссёрлордун эл аралык фестивалында көрсөтүлүп, ага Кыргызстандын Британиядагы элчилигинин өкүлдөрү жана тасманын жаратуучу тобунун мүчөлөрү Айзада Өмүралиева менен Айгүл Кыдыралиева катышты.

Фильм аркылуу чет элдиктер кыргыздын тарыхынан, маданиятынан түшүнүк ала алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!