“BAFTA” кино сыйлыгынын мыкты фильмдери

21-Фев. 2018, Шаршемби, 17:07

Режиссер Мартин Макдонахтын картинасы «Три билборда на границе Эббинга, Миссури» «Мыкты фильм» номинациясында Британдык кино жана теле маданият өнөр академиясынын (BAFTA) лауреаты болду. Бул тууралуу “The Guardian” журналы маалымдайт.

Криминал драма жанрында тартылган фильмде Милдред Хейс аттуу америкалык аялдын кызынын кордолуп өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу адилеттик издеп чуркагандыгы тууралуу баяндалат.

Тогуз номинацияга катышкан картина беш категория боюнча жеңүүчү аталды. Алардын ичинде “Эң мыкты фильм”, “Эң мыкты Британдык фильм” наамдарына татыды.

Мындан сырткары, баш каарманды ойногон 60 жаштагы америкалык актриса Фрэнсис Макдорманд аталган тасмада эң мыкты актриса сыйлыгына ээ болду. Экинчи пландагы эң мыкты мырза ролу үчүн сыйлык Диксондун ролун жандандырган Сэм Рокуэллге ыйгарылды. Тасманын сценаристине “Эң мыкты түп нускалуу сценарий” наамы берилди.

Британдык кино жана маданият өнөр академиясы –кинематографияны колдогон, өнүгүшүнө жана жайылуусуна, ошондой эле кино жана теле өнөрүнүн эң мыктыларын аныктаган көз карандысыз кайрымдуулук уюму. “BAFTA” сыйлыгы –Улуу Британиядагы беделдүү кино сыйлыктардын бири.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!