Жыйнагы 700 млн доллардан ашты

1-Март 2018, Бейшемби, 15:07

Дем алыш күндөгү жыйнакка көз чаптырсак кинокомикс статистикасынын тарыхында бул фильм “Звездные войны: Пробуждение силы” тасмасынан кийин эле эң көп кассалык жыйнакка ээ болду.

"Marvel “ студиясынын “Кара Пантера” кинокомиксы экинчи жума катары менен америкалык кинопрокатта алдыңкы орунда турат. Экинчи жуманын дем алыш күнүндө картина 108 миллион доллардан ашык каражат тапкан.

Он күндүн ичинде “Кара Пантера” Түндүк Америкада 400 миллион доллар жыйнады. Ал эми дүйнөлүк жыйынтык боюнча азыр 704 миллион долларды түзөт.

Эскерте кетсек, биринчи жуманын аягында фильмдин кассасына 192 миллион доллар киреше түшкөн. Ал “Дедпул” (132,4 миллион) жана “Мстители: Эра Альтрона" (191,2 миллиона) фильмдерин артка таштап «тарыхтагы эң мыкты дем алыш фильм» номинациясындагы бешинчи орунга чыккан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!