"Оскар" сыйлыгынын мыкты мультфильми

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:48

“Pixar” студиясынын "Тайна Коко" мультфильми мыкты анимациялык фильми деп аталып "Оскар"га ээ болду. Ошондой эле алтын статуеткага ат салышкандардын ичинде "Босс-молокосос", "Добытчица", "Фердинанд", "Ван Гог. С любовью Винсент” мультфильмдери да бар.

"Тайна Коко" — бул туугандарынан качып жашыруун түрдө музыкант болууну кыялданган мексикалык бала тууралуу мультфильм. Кыялынын орундалышы үчүн ал кумиринин “Өлүктөр өлкөсүнө” сапар алат.

Мурда мультфильмдин тарткандардын бири, кинорежиссер жана монтажер Ли Анкрич, анын «Оскар» сыйлыгынын жеңүүчүсү болушуна жардам берген ич кийими бар экенин айткан. Мурун ал "Историю игрушек. Большой побег" мультфильми үчүн да сыйлыкка ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!