“Оскар” сыйлыгына татыктуу болгондор кимдер?

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:11

Лос-Анжелесте “Оскар” салтанаты өттү. Иш-чаранын алып баруучусу экинчи жолу Джимми Киммел болду. Ал аземди өзүнүн тамашалары менен баштады.

“Мыкты фильм” номинациясы боюнча — «Форма воды» картинасы сыйлыкка ээ болду. Жана ушул эле фильмдин режиссеру Гильермо дель Торо “Мыкты режиссер” аталды.

Экинчи пландагы эң мыкты аял ролу үчүн сыйлык Эллисон Дженни «Тоня против всех» фильми үчүн ээ болду. Ал эми «Экини пландагы мыкты актер» сыйлыгын Сэм Рокуэлл «Три билборда на границе Эббинга, Миссури» картинасы үчүн алды.

Мыкты актриса деп Фрэнсис Макдормэнд «Три билборда на границе Эббинга, Миссури» лентасы үчүн “Оскарга” татыды. “Мыкты актер” номинациясында Гэри Олдмен «Темные времена» фильминдеги ролу үчүн жеңишке жетти.

“Мыкты даректүү фильм” деп Россиянын допинг боюнча чатагына байланыштуу америкалык долбоор «Икар» ээ болду.

«Чет тилиндеги мыкты фильм» деп Себастьян Лелионун (Чили) «Фантастическая женщина» картинасы жеңип чыкты.

1940-жылдан баштап «Оскар» деп аталган Америкалык киноматографиялык өнөр жана илим академиясынын сыйлыгы 1929-жылы негизделген. Сыйлыкты тапшыруу аземи жыл сайын Лос-Анджелесте өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!