"Президент жана бомж-3" тасмасы тартылууда

17-Апр. 2018, Шейшемби, 22:44

"Президент жана бомж-3" тасмасы тартылууда. Бул тууралуу тасманын аткаруучу директору Самаган Орозалиев Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, тасманы тартуу иштери Бишкекте уланууда.

"Тасманын айрым эпизоддору Европада, Америкада тартылмакчы. Ага чейин өзүбүздүн Кыргызстанда тартабыз. Бишкектин спорт сарайында, Жалал-Абадда, Ошто драма театрында президент эл менен жолугушкан эпизоддор тартылат. Ошондой эле кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана белгилүү куудулдар катышкан кызыктуу чоң концерт менен коштолмокчу",-деди ал.

Буга чейин тасма көпчүлүтүн көңүлүн өзүнө бургандыктан тасманын 1-2- бөлүгү жарык көргөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!