Муз доору мультфильмин эске салды (видео)

Муз доору мультфильмин эске салды (видео)
17-Авг. 2018, Жума, 10:31

Дубайдагы сафари паркына баш баккандар кызыктуу видеону тартып алышкан. Мында арстан келип терезенин сыртынан жаш балага кол салып жаткандыгын байкоого болот. Паркка келгендер өз комментарийинде бул видеону “Муз доору” (Ледниковый период) мультигинин тартылган бир бөлүгүн эске салды,-деп айтышууда.


Жаш баланын атасынын айтымында Адам аттуу баласы чарчап имараттын ичинде бираз эс алайын деп отурган. Адам артындагы арстанды байкаган дагы эмес. Ошол учурда арстан келип буттары менен терезени тырмалап Адамга кызыккан. Адам арстандын келгендигин байкаган эмес. Качан Адам ордунан туруп кайрылганда анан арстанды байкаган. А бирок ошондо да ал жыртыкыч айбанаттан корккон эмес. Ага таң калуу менен караган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!