“Мунабия" Түштүк Кореяда көрсөтүлөт

12-Сен. 2017, Шейшемби, 15:57

“Мунабия” аттуу кыргыз тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореяда өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, режиссер Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабия” аттуу дебюттук картинасынын дүйнөлүк бет ачаары "A Window on Asian Cinema" программасы боюнча 2017-жылдын 12-октябрынан 21-октябрына чейин Түштүк Кореяда өтө турган 22-Пусан эл аралык кинофестивалында болот.


Тасманын режиссеру-Таалайбек Кулмендеев.


Бет ачаар 13-октябрда Busan Cinema Center имаратында уюштурулат. Ошондой эле 19-20-октябрда прайм-тайм маалында көргөзүлөт.


Фильм жазуучу Казат Акматовдун “Мунабия” повестинин негизинде тартылган. Бюджети 70 миң АКШ долларын түздү.


Башкы ролдордо-Гүлзинат Суранчиева, Мээрим Атанбаева, Назым Мендебаиров, Сакен Карабаев жана башкалар ойногон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!