​“Кентавр” тасмасы “НИКА” сыйлыгына көрсөтүлдү

7-Март 2018, Шаршемби, 21:05

Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы “НИКА” сыйлыгынын “КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясына көрсөтүлдү. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, 6-мартта 31-чи “НИКА” Россиялык Улуттук кинематография сыйлыгынын номинанттары жарыяланып, “КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясындагы беш номинанттын бири режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” кыргыз тасмасы болду.

“НИКА” кино сыйлыгы 1987-жылы Россиянын “Ника” кинематография өнөрү академиясы тарабынан негизделген. Ар бир номинациядагы жеңүүчүлөргө байыркы грек кудайы Никанын статуэткасы ыйгарылат.

Жеңүүчүлөр Россия кинематография өнөрү Академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсү менен аныкталат. Ага бардык кинематографиялык адистиктердин, Россиянын кинематографисттер Союзунун мүчөлөрү кирет. Учурда Жалпы россиялык кинематография өнөрү Академиясында 621 адам бар.

Фильм «Кентавр» режиссера Актана Арым Кубата номинирован на премию «НИКА» в категории «Лучший фильм стран СНГ и Балтии». Об этом сообщает продюсер Алтынай Койчуманова.

Сыйлыка көрсөтүлгөн тасмалар:

- «Звонок отцу» / Казахстан / режиссёр - Серик Апрымов

- «Кресло» / Грузия / режиссёр - Эльдар Шенгелая

- «Последний день мая» / Молдова / режиссёр – Игорь Кистол

- «Родные» / Латвия, Эстония, Украина / режиссёр - Виталий Манский


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!