​Көчмөндөр оюунуна 2 млн. сомго билет даярдалат

29-Март 2018, Бейшемби, 14:26

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди даярдоого 2 млн. сомдон ашык каражат керектелет. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалыматка караганда, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин колдоосу менен "Этномаданиятты жана ат оюндарын өнүктүрүү борбору” көчмөндөр оюндарына сатылчу билеттерди жасоого жана сатууга тендер жарыялады. Жалпы 23 миң билет жасатууга 2 млн. 93 миң сом бөлүнгөн. Тендердин жеңүүчүсү оюндардын ачылышына жана жабылышына 11 миң 500дөн билет даярдоосу керек.

Эскерте кетсек, Каржы минстрлигинин билдиргенине ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 306 млн. 300 миң сом жумшоо каралган. Анын ичинен иш-чараны даярдоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 175 млн., Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 132 млн. 200 миң сом каражат берилет. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун секретариатын каржылоого 3 млн. 600 миң сом каражатжумшалмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!