30-март: күн ачык болот

30-Март 2018, Жума, 08:57

30-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Бул туурлуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда,Тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз 11...16,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 11...16,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...5°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!