​Башкы прокуратура коррупция боюнча маалымат берет

30-Март 2018, Жума, 11:32

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык ИИМ, прокуратура жана сот органдарындагы коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөш тууралуу журналисттерге маалымат берет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маалымат жыйынга баш прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев, Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Марс Абышкаев, экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышат.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү кызматтык, экономикалык кылмыштарга, мамлекеттик мүлктү уурдоого байланышкан коррупциялык аракеттерге байланыштуу токтотулган, кыскартылган кылмыш иштери жөнүндө маалымат беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!