Экс-президент Атамбаев жакында Кытайга барат

31-Март 2018, Ишемби, 14:15

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында Кытайга кетет. Бул тууралуу съездден кийинки маалымат жыйынында билдирди.

"Бизге революциянын кереги жок. Бирок планым боюнча 7 апрелде каза болгон балдарга куран окутам. Чон мечит салдырып жатам ошол жерденда куран окутам. 8-апрелде Кытайга кетип жатам. Андан ары Россияга да барам",-дейт Атамбаев.

Эске салсак, бүгүн КСДП партиясынын съезди өтүп, анда партия лидерлигине Атамбаев кайрадан шайланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!