1-апрель: мезгил мезгили менен жаан жаайт

31-Март 2018, Ишемби, 17:55

1-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 9...14,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 9...14,

Баткен түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,

Ош түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,

Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5°.

1-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9, күндүзгү жогорку температурасы 11…13 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!