​Бишкек – Ош жолунда чектөө киргизилди

4-Апр. 2018, Шаршемби, 12:46

Бишкек – Ош унаа жолунда убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, чектөө жолдогу кар көчкү коркунучуна байланыштуу киргизилди. Учурда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 2-апрелден 11-апрелге чейин кооптуу жерлерден кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрөт. Аткылоо мезгилинде жолдо жүргөндөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында каттам убак-убагы жабылып турат.


Мындан сырткары оор жүк ташуучу уналарга кечки саат 21:00дөн таңкы 06:00гө, күйүүчү май ташыган унааларга 17:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин чектөө киргизилет. Ал эми жеңил унааларга чектөө жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!