Чүй көчөсү оңдоо үчүн жабылат

5-Апр. 2018, Бейшемби, 16:46

8-апрелден тартып оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

15-майга чейин Чүй проспектинин Шабдан Баатыр көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки тилкеси жабык болот. Ал эми 10-июнга чейин Шабдан Баатыр көчөсү Чүй проспектинен тартып, Анкара көчөсүнө чейин жабылат. 1-июлга чейин Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин жабык болот.

Аталган жол тилкелери оңдолуп, жол белгилери жаңыртылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!