​ММФнын жетекчиси Болсунбек Казаков кармалды

11-Апр. 2018, Шаршемби, 13:34

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Болсунбек Казаков Максим Бакиевге таандык делген коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу беренелеринин негизинде айыпталууда.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 млн. сомго сатылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!