​ЕБ “Таза суу” долбооруна 10 млн. евро бөлөт

12-Апр. 2018, Бейшемби, 17:23

Европа биримдиги “Таза суу” долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 10 млн. евро бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Асеин Исаев билдирди.

Анын айтымына караганда, Европа биримдиги ишеним фондун түзүп, ал аркылуу аталган долбоорго 10 млн. евро бөлүү чечимин чыгарды. Бирок, каражат 2019-жылдан тарта бериле баштайт. Долбоорго жалпысынан 300 млн. евро керектелет. 10 млн. каражат аз болгондуктан башка институттардан да акча алуу каралып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!