​Ошко 240 миң долларга лаборатория курулат

13-Апр. 2018, Жума, 09:59

Ошто өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория имаратынын пай дубалы түптөлдү. Бул тууралуу Ош областынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы имараттын пайдубалына капсула салуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев жана мекеминин кызматкерлери катышты.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү жараянында техникалык жардам менен камсыз кылуу боюнча Россиянын жана кыргыз өкмөтүнүн макулдашуусунун алкагында Ошко лаборатория куруу үчүн 240 миң доллар каралган. Андан тышкары, карантин жана лаборатория адистерин окутуу үчүн 105 миң доллар бөлүнгөн. Анын 50 миң долларына “Көчмө лаборатория” базасында эки унаа сатып алынган.

Лаборатория ишке берилгенден кийин айыл чарба продукцияларын заманбап технологиянын негизинде эл аралык талаптарга ылайык лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп, фитосанитардык абалын аныктайт. Негизги максаты — ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!