​Аял күйөөсүн бычактады

17-Апр. 2018, Шейшемби, 12:16

Үй-бүлөлүк чатактан улам аялы күйөөсүн бычактады. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-апрелде Чүй облусунун Беловодск айылында келип чыккан үй-бүлөлүк чатактан улам аялы күйөөсүнө бычак урган. Москва райондук ИИБ кызматына саат 19.30 чамасында адам өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя катталган жерге барга милиция кызматы киши колдуу болуп өлгөн 36 жаштагы жарандын жансыз денесин табышкан. Кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалган. Ал күнөөсүн мойнунда алып, чатактан улам күйөөсүнө бычак урганын айткан.

Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин Киши өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!