​18-апрель: жаан жаайт

17-Апр. 2018, Шейшемби, 17:20

18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12;

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12;

Таласта түнкүсүн 0...-2, күндүз 5...10;

Ош облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14;

Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15.

Бишкек шаарында 18-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 10...12 градуска чейин жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!