​Казакстанда кыргыз ишкерин уурдап кетти

18-Апр. 2018, Шаршемби, 13:10

Казакстандын Жамбыл облусунда кыргыз ишкери уурдалды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары кабарлады.

Маалыматка караганда,окуя Алматы-Тараз жолунда 17-апрель күнү болгон. Анда Ишкерди өздөрүн полиция кызматкери катары тааныштырган топ уурдап кетишкен. Бул боюнча Жамбыл облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында ишкер куткарылган. Ал куткарылган убакта эч кандай жаракат албаганы аныкталган.

Учурда бул окуяга шектүү катары Алматы шаарынын үч тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!