Асанов: Базардын өрттөнүшүнө 3 себеп болушу мүмкүн

18-Апр. 2018, Шаршемби, 14:12

Ош базарындагы өрттүн чыгышына 3 себеп каралып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 30-январда, 5-мартта жана 13-апрелде Ош базарында чыккан өрт боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда тилсиз жоо атайын чыгарылгандыгы, өрт коопсуздугу боюнча эреженин сакталбагандыгы же атаандаштар тарабынан чыгарылышы мүмкүн деген варианттар каралып жатат.

Ошондой эле өрт кырсыгына карата тийиштүү чара көрбөгөн жетекчилер боюнча иликтөө материалдары Бишкек шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!