Газ тарткан унаа оодарылып кетти​

18-Апр. 2018, Шаршемби, 16:39

Газ тарткан унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бидирди.

Маалыматка караганда, кырсык Жайыл районунда 18-апрелде саат 11:00 чамасында болгон. Бишкек - Ош жолунун 121-чакырымында газ ташып бараткан фура алдыңкы унаадан ашып өтөм деп жолдун жээгине оодарылып калган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Унаадагы газ жарылган эмес.

Газ куюлган цистернаны кран көтөрө албагандыктан, башка цистернага куюу чечими кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!