УКМК Сапар Исаковду суракка чакырды

26-Апр. 2018, Бейшемби, 12:47

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду суракка чакырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы “zaman.kg" маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, 26-апрель күнү мурдагы өкмөт жетекчиси 15:00гө УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Бишкек ЖЭБ маселеси боюнча күбө катары чакырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!