Өрт учурунда 5 кабаттан секирген кыз каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгон кыз 24-апррелде Ош шаарындагы 12 кабаттуу үйдө өрт чыккан учурда 5-кабаттан секирип оор жаракат алып комага түшкөн. Каза болгон кыздын аты-жөнү такталды, ал 1990-жылы туулган Алай районунун тургуну экенин аныкталды.
Эскерте кетсек, 24-апрелге караган түнү Ош шаарында жайгашкан 12 кабат үйдө өрт чыккан. Анын кесепетинен алты адам жабыркап, облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.